Жогорку Кеңештин депутаттары Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан кетирүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу спикер Нурланбек Шакиев билдирди.
Айтымында, ал Акылбек Жапаров менен Байсаловго байланыштуу темада сүйлөшкөн. Ал эми бүгүн президент менен дагы бул маселени талкуулайт.
"Мен катуу талап кылдым жана эскертүү бердим. Мындай биринчи жолу болуп жаткан жок. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосуна жарака кетирип жатат. Ал дисциплинардык жоопкерчиликке тартылышы керек. Минкаб мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңештин намысына шек келтирүүгө укугу жок. Парламент Минкабдын алдына коюлган тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчет талап кылууга жана көзөмөлдөөгө укуктуу. Эдил Байсалов ээлеген кызматына ылайык келеби, жокпу карай турган учур келди", - деди Шакиев.
Депутат Эрулан Көкүлов спикер президент менен жолукса, Байсаловдун отставкасын талап кылуу керектигин айтты эле, аны депутаттар кол чаап колдошту.