Жумуш издөө учурунда алдамчылар менен кездешүү жагымсыз окуя экени анык. Өзүңдү коргоо үчүн эмнелерге даяр болуу керектигин жана андан кантип коргонууну билүү зарыл. Төмөнкү белгилер сизге жумуш сунуштаган адамда байкалса, артыңызды карабай качыңыз.

1. Башкы нерсе – реалдуу компания эч убакта жумуш сураган адамдан акча талап кылбайт. Акчаны алар ар кандай шылтоолор менен талап кылышат: жабдыктар үчүн алдын ала төлөө, адистикке окутуу жана сертификация үчүн төлөм, каттоо пошлинасына, депозит, жумуш материалдарын алуу үчүн... Кээде алдамчылар өздөрүн ортомчу катары көрсөтүшөт дагы, окуп бүткөндөн кийин жумуш таап беребиз деген кепилдик менен акы төлөп окууну сунушташат. Ошондой эле, резюмеңизди жумушчуларды издөөчү эсклюзивдүү базага кошоорун айтышат. Же реалдуу ваканциялар жайгашкан базага жол ачып беребиз деп акча сурашат. Мындайга сизден бир гана жооп болсун – жок! Булардын бири дагы сизге реалдуу жумуш табууга жардам бербейт.

2. Акчаңызды шыпырып алуунун дагы бир айлакер жолу – гарант системасын колдонуу, ал аркылуу айлык маянаңызды которобуз дешет. Бул жасалма сайт болушу мүмкүн, ал жактан банк картаңыздын маалыматтарын уурдап алышат. Гарант – системасы тууралуу пикирлерди издеңиз, же жакшысы – акчаны түз картаңызга же электрондук капчыгыңызга которуусун талап кылыңыз. Кандай болгон учурда дагы эгер жумуш берүүчү картаңыздын бардык маалыматтарын сураса (арткы бетиндеги жазууларын дагы) же СМС кодду жөнөтүүнү талап кылса, бул – алдамчылык. Эрежеге ылайык, эмгек маянага байланышкан бардык маселелер сүйлөшүү учурунда эмес, жумушка чыгып иштеп баштаган биринчи күнү чечилиши керек.

3. Жаңы кызматкерди акы төлөнбөгөн стажировкадан кийин гана расмий жумушка алаарын айтышат. Бирок стажировка үчүн төлөнүшү керек. Муну унутпаңыз. Дайыма төлөнөт, андан өтсөңүз же өтпөй калсаңыз дагы.

4. Сизге жөнөкөй жумуш үчүн өтө эле жогорку айлык акыны айтты дейли. Башка жактарын карап көрүңүз. Кызматтык милдетиңиз так көрсөтүлгөн эмес, көрсөтүлсө да ынанымдуу болбойт. Ошондой эле ага сиздин билимиңиз, адистигиңиз ылайык келеби, келбейби – кызыгышпайт. Жумуш берүүчү деле акча санаганды билет, эч бир реалдуу жумуш берүүчү сизге кылган кызматыңыздан ашыкча акча төлөп бербейт. Окшош ваканцияларды байкаштырыңыз, андагы маяна менен сизге сунушталган маянаны салыштырыңыз. Айырмасы 10 пайыз болсо, баары жакшы, а эгер 2-3 эсе көп болуп жатса, анда алдамчыга туш келдиңиз.

5. Компания тууралуу эч кандай билдирүүлөрдү: кардарлардын да, кызматкерлердин дагы пикирин таппадыңызбы? Офиси да жок, болсо дагы четки райондордо жайгашыптырбы? Кээде мындай жумуш берүүчүдөн компаниянын БИНин суроо жетиштүү, ал сиздин анын кайырмагына түшпөй турганыңызды түшүнөт дагы, өзү качат.

6. Айлык акыны башка валютада төлөөнү сунушташат. Бул жумуш издөөчүлөргө салынган тузак. Анткени кыргызстандык компаниялар кыргыз валютасы менен төлөшөт.

7. Кээде алдамчылар сиздин персоналдык маалыматтарыңызды толук алууга кызыкдар болушат. Алар ушундай өңүттөгү анкетаны толтурууга, паспорттун сүрөтүн салууга, СМСтин жардамы менен авторизация болууга мажбурлашат. Маалыматтар кызматкер менен жумуш келишимин аткаруу учурунда гана чогултулат, ага чейин зарыл эмес. Ошондуктан эгерде сиз маектешүүгө чакырылсаңыз, эч убакта толтурулбаган баракка кол койбоңуз жана паспортуңузду бөлөктөрдүн колуна карматпаңыз. Болбосо алдамчылар сиздин атыңызга насыя алып алчу жагымсыз окуяга туш болушуңуз мүмкүн.

8. Жумуш берүүчү сизди өзү тапты жана байланыш дарегиңизди кайдан алганын айтпай койду дейли. Демек, сизден ага акча же персоналдык маалыматтарыңыз гана керек болуп жатышы мүмкүн.

9. Белгисиз номерден телефон чалуу, СМС же мессенджерден кайра чалууңузду же шилтеме менен кирүүңүздү өтүнгөн билдирүү келди. Телефонуңузга номерди аныктоочу тиркеме жүтөп алыңыз дагы, эч убакта бейтааныш номерге телефон чалып же шилтемеге кирчү болбоңуз. СМСке сизге байкалбаган тейде телефонуңузга жүктөлүп калчу программа кошулушу мүмкүн, мындайда алдамчыларга мобилдик банкыңызга жол ачып бересиз. А бейтааныш номер акы төлөнүүчү линия болуп чыгышы ыктымал.

10. Кээде реалдуу ваканцияны бетине кармап “жумуш берүүчү” мыйзамсыз ишмердүүлүктү сунушташы мүмкүн. Мисалы, төлөмдөрдү кабыл алган оператордун ваканциясынын артында акчаны адалдоо жатат. Курьер эмнени жеткирип баратканын билиши зарыл. Сизге Кылмыш кодексине аралашкан көйгөй кереги жок да, туурабы?  Сак болуңуздар!

HeadHunter – онлайн-платформасы