Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандардын камактагы мөөнөтү 15-августка чейин узартылды. Бул тууралуу камактагылардын биринин адвокаты айтып чыкты.
Ал мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков чыгарганын белгиледи.
“Иш материалдар сотко өткөндө судья бир нече маселелерди чечет. Анын ичинде бөгөт чарасы дагы каралат. Кимде кандай бөгөт чара болсо, ошол убактылуу узартылат. Алдын ала соттук угуу белгиленген 22-23-июнда жактоочулардын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү каралат”, - деди адвокат.
Кемпир-Абад иши сотко өткөрүлүп, алдын ала соттук угуу 22-23-июнга дайындалды.
Кемпир-Абад иши дээрлик сегиз ай тергелди. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” деген гриф койгон.