HeadHunter – онлайн-платформасынын изилдөөсү.

Борбор калаа эмгек рыногу Кыргызстандагы эң бир өнүккөн рынок болуп эсептелинет. Бул жылдын биринчи жарым жылдыгында борбордун базасында 15 миңден ашуун бош орундар ачылган.

Акыркы жылда жумуш орунун сунуштоо эки эсеге өссө, жумуш издегендердин саны 64 пайызды түзгөн. Ошондо деле орточо эсеп менен бир бош орунга төрт адам туура келет. Сунушталган айлык маяналар орточо эсеп менен 34 миңдин тегерегинде. Ошол эле учурда жумуш издөөчүлөрдүн сураган маянасы 39 миңге чыккан.

Акыркы бир жылда сатуу тармагына, маалымат технологиясына, административдик-башкаруу персоналдарына, бухгалтерлерге, каржы жана маркетинг адистерине суроо – талап көбөйгөн.

Бишкек шаарынын тургундары көбүнесе сатуу жаатындагы, сатуучу-консультант, программист, оператор жумуштарын издешет.

Рахима Махмудова