Борбордук Азия жана Ооганстандан келген 30 жаш лидер Борбордук Азиядагы энергиянын жаңылануу булактары боюнча 17-июнда конференциянын жүрүшүндө регион үчүн энергиянын жаңы булактарын сунушташты. Бир күндүк иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынан, Өзбекстандан, Казакстандан, Тажикстандан жана Ооганстандан келген катышуучулар энергиянын жаңы булактары аркылуу климаттын өзгөрүүсүн чечүү үчүн 15 долбоордук сунуш жана 15 илимий эмгек сунушташты.

Конференция Кыргыз Республикасындагы АКШнын Элчилигинин колдоосу менен Эл аралык билим берүү боюнча Америка Кеңештери тарабынан ишке ашырылып жаткан жаштардын лидерлик программасы, C5+1 Жаштар Кеңеши тарабынан жүргүзүлүп жаткан «Өзгөрүүлөр шамалы» долбоорунун бир гана компоненти болуп саналат. Июль айынын башында долбоордун мүчөлөрү шаарды энергиянын жаңы булагы менен камсыз кылуу жана коомчулукка пайда келтирүү максатында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында шамал турбинасын куруп, орнотушат.

C5+1 Жаштар Кеңеши Борбордук Азия жана Ооганстан үчүн актуалдуу маселелерди чечүүгө катышуу аркылуу өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө жана жаш студент лидерлердин лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Жаштар кеңешинин мүчөлөрү АКШ-Борбор Азия (C5+1) биргелешкен зордук-зомбулук экстремизмге каршы туруу, бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, транспорт коридорлорун өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана адам укуктары боюнча биргелешкен максаттарына салым кошкон «Өзгөрүүлөр шамалы» сыяктуу жаштар тарабынан жетектелген долбоорлорду ишке ашырышат. Учурда C5+1 Жаштар Кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынан, Афганистандан, Казакстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан жалпы 67 мүчө жана 137 бүтүрүүчү кирет.