КР УКМКнын контрабандага каршы күрөшүү иш-чараларынын жүрүшүндө,  9-июнда контрабандалык жол менен дары-дармек ташыгандар кармалды.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун тургундары 1993-жылы туулган С.у.И. жана 1991-жылы туулган М.Т.З. аттуу жарандардын башкаруусундагы 03KG 322 ADU мамлекеттик номурлуу, кочкул көк түстөгү Ауди А6 үлгүсүндөгү унаа аныкталып токтотулган. 

Унаанын ичинен кошуна мамлекеттердин биринин аймагынан Баткен облусуна аткезчилик жол менен алынып келинген дары-дармектер табылган. Бул жүктү жүктөгөн унаа Лейлек районунан Кадамжай районун көздөй бараткан жана дары-дармек жергиликтүү соода түйүндөрү аркылуу сатылмак. 

Унаа жана жүк атайын сактоочу жайга токтотулуп, аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Белгиленген тартипте жүктү жок кылуу үчүн материалдарды бажы органдарына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.