"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында депутат Шайлообек Атазов Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун маселесин кароону сунуштады.
Эске салсак, аталган фракция Министрлер Кабинетинин маданият, маалымат, жаштар жана спорт боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүсү тууралуу маалымат угушууда.
Депутаттар жыйынга финансы министри Алмаз Бакетаев жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чакырылганын, бирок эч кандай билдирүүсүз эле келбей коюшканын айтышты.
"Биз бул жерде маселелерди талкуулап жатабыз. Бирок анын чечилиш же чечилбешин билбейбиз. Финансы министри менен Эдил Байсалов келишсе, чечүү жагын ошолор айтышмак", - деди депутаттар.
Фракция лидери Бакыт Сыдыков аталган эки чиновникке чара көрүшөөрүн белгиледи.
Буга чейин дагы "Ата-Журт Кыргызстан" менен "Мекенчил" депутаттык тобу Байсаловду кызматтан кетирүүнү сунушташкан болчу.