“Йакын-Инкар” ДЭУнун жактоочусун ынандыруу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, 13-июнда КР УКМК тарабынан “Йакын-Инкар” ДЭУнун тарапташы, Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл аймагынын тургуну Ж.у.А. менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрүлгөн. Ага аталган кыймылдын Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынгандыгы жана ага ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик каралгандыгы түшүндүрүлдү.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Ж.у.А. өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды “Йакын-Инкар” уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний уюмдардын жана алардын тарапташтарынын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда.