Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Кыргызстандагы министрлердин орун басарлары өтө эле көп деп эсептейт. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды.
"Мага коомчулуктан жана шайлоочуларым тарабынан мамлекетибиздеги министрлердин орун басарларынын көптүгүн, эч кандай жумуш жүргүзбөгөнүн айтып, нараазычылыктарын билдирип жатышат.
Туура, аталган министрликтердин тармактык мамлекеттин машинкасын тартып кете албаганы, көзгө көрүнгүдөй, жүрөк жылыткыдай жумуш жасай албай жатканы чындык!
Эгер министрликтер алгылыктуу иш жүргүзүп, натыйжалуу жумуш аткарса дагы кошумча орун басарларды кошуп берүүгө каршы эмесмин, тескерисинче колдойм. Кана эми, 15 орун басар иштесе дагы мамлекетибиздин экономикасы дүңгүрөп өсүп, өнүгүп кетсе жакшы болбойт беле. Мисалы кошуна Өзбек Экономика жана финансы министрлигинде - 6 орун басары бар. ВВПсы 80 млрд АКШ долларынын тегерегин түзөт. Казак Улуттук экономика министрлигинде - 4 орун басары бар. ВВПсы 200 млрд АКШ долларынын тегерегин түзөт. А биздин экономика министрликте - 7 орун басарыбыз бар. ВВП 10.5 млрд АКШ долларынын тегерегин түзөт. Бул көп орун басарлардын ишинен жыйынтык чыкпай жатат деген көрүнүш!" - дейт депутат.