2023-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн республиканын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган жашыруун террористтик топторду аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, сотко чейинки текшерүүлөрдүн алкагында КР УКМКнын инженердик-сапердук тобунун жардамы менен Ош облусунун Өзгөн шаарынын четинде ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды сактоочу жай табылды.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 8 даана граната, 6 даана модернизацияланган бирдиктүү кол гранатасынын сактагычы (запал УЗРГМ), 114 даана 5,45мм калибрлүү патрондор, 46 даана 7,62 мм калибрлүү патрондор (бронетранспортерлер), 1 даана 9мм калибрлүү патрон (Глок тапанчасынын), 1 даана 7,62 мм калибрлүү гильза табылып алынды.

Табылган жана алынган ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Азыркы учурда бул жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.