Мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүндө эл аралык катыштын, байланыштын, мамилелердин орду чоң. Бул өңүттөн алганда, Кыргызстандын акыркы убактарда эл аралык алакасы кеңейгенден кеңейип баратат.

Ысык-Көлдүн жээгинде өтчү экинчи «Европа биримдиги – Борбордук Азия» саммити өлкөбүздүн эл аралык саясатын дагы жаңы бийиктикке көтөргөнү туру. Саммитте саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык ж.б. маселелердин бүгүнү менен келечеги каралганы жатат. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан лидерлеринен сырткары, Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель катышмакчы.

Саммиттин жүрүшүндө, гидроэнергетика маселесине өзгөчө көңүл бөлүнөрү айтылууда. Иш-чаранын алкагында, Европа кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга расмий иш сапары орун алып, анда ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча конкреттүү долбоорлор боюнча макулдашуулар болору күтүлүүдө. Учурда иштеп жаткан ГЭСтерди модернизациялоо тууралуу сүйлөшүүлөр да жүрөрү маалым болду.

Эгерде Европа биримдиги менен энергетика жаатындагы сүйлөшүүлөр, макулдашуулар ийгиликтүү болуп, кол коюлган долбоорлор ишке ашса, өлкөбүздүн энергетика тармагына жан берилип, система кризистик абалдан чыкканы туру. Кытай өкмөтү тарабынан Тору-Айгыр айылына 1000 мегаваттык күн электр станциясы курулса, Европа биримдигинин колдоосу менен Кыргызстандын башка жерлерине да шамал, күн электр станциялары курулуп калгысы бардыр.

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист