- Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын билдирди. Эми анын капканына кимдер түшүшү мүмкүн?
- Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүн окудум... Негизинен коррупция менен күрөшүү туура жүргүзүлүп келе жатат. Элдин көпчүлүк бөлүгү суроолуу карап, жооп күтүп жаткандай болгон. Себеби коррупционер миллиондорду жеп, жүз миң төлөп коюп жооп бербей чыгып кете береби дегендей бүдөмүк ой көпчүлүктө пайда болуп жаткан эле. Дал ошол бүдөмүк ойго так даана жооп болуптур. "Уурунун орду түрмө" деген сөз эми өз ордун табат экен.Ташиев айттыбы? Аны аткарат!...