Жогорку Кеңешке депутат Адахан Мадумаровду («Бүтүн Кыргызстан») кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокурордун сунушу келип түштү. Бул тууралуу спикер Нурланбек Шакиев билдирди.
Анын айтымында, башпрокурордун сунушун кароо боюнча 48 сааттын ичинде комиссия түзүлүшү керек.
Буга чейин дагы, ушул жылдын март айында Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш жолдогон. Бирок анда комиссия депутаттын кылмыш жоопкерчилигине тартылышына анын депутаттык кол тийбестиги бардыгына таянып каршы чыккан.