- Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын билдирди. Эми анын капканына кимдер түшүшү мүмкүн?
- УКМКнын төрагасы "коррупция менен күрөштүн экинчи этабында фискалдык органдын өкүлдөрү кылтакка илинишет" деди. Мындан финансы чөйрөсүндөгү айрым кызмат адамдары, мурдагы чиновниктер боюнча далилдүү фактылар бар экенин божомолдоого болот. Камчыбек Ташиевди колдоо зарыл. Анткени ал жалгыз, ал эми коррупция тамырлап кеткен. Менимче, мындай демилгени жапырт эл колдошу керек.