Бишкек шаардык соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттыктын" сайтын бөгөттөгөн чечимине каршы радионун адвокаттарынын арызын карап, аны канааттандырган жок.
Арызды 30-майда Болотбек Сатыбалдиев төрагалык кылган шаардык соттун коллегиясы карады. Анда "Азаттыктын" адвокаттары Маданият министрлигинин 2022-жылдын 26-октябрдагы радионун сайтын бөгөттөө боюнча чечими мыйзамсыз экенин белгилеп, Бишкектин Административдик сотунун буга чейинки чечимин четке кагуу өтүнүчү менен кайрылган.
Соттук жараянда "Азаттыктын" адвокаты Акмат Алагушев Маданият министрлигинин медиа мекеменин сайтын бөгөттөө чечими одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун, жагдайды ишти буга чейин караган Административдик сот эске албаганын билдирди. Адвокаттын айтымында, министрлик таянып жаткан "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамдын да бир нече нормалары бузулган.
Министрликтин өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу жөнүндө материал өчүрүлбөгөндүктөн, сайтты бөгөттөө улантылып жатканын айтты.
Жыйынтыгында шаардык соттун коллегиясы "Азаттыктын" сайтын бөгөттөө боюнча Маданият министрлигинин чечимин мыйзамдуу деп таап, Бишкек административдик сотунун 7-марттагы чечимин өзгөртүүсүз калтырды.