- Мирлан мырза, чек арада кызмат кылган, чек ара көйгөйүн жүрөгүңүз менен түшүнгөн инсан экенсиз.  Чек арада тынчтык болуу үчүн эмне керек?

- Стабилдүүлүк керек. Анткени, стабилдүүлүк болбосо кошуна мамлекеттер булардын алсыз учурунан пайдаланып калалы деп, кол сала беришет. Ошон үчүн эң биринчи мамлекетибизде стабилдүүлүк, элибизде ынтымак керек.  

- Мындан ары андай  кагылыш болбойт деп ишенсек болобу? 

- Бул өтө татаал суроо. Азырынча эч нерсе белгисиз. Кандуу кагылышты каалабасак да  бир эмес, эки жолу болуп кетти. Дагы болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Кагылыштан эки тарап тең жоготууга учурайт. Ошон үчүн эки тарап тең чагымчылдарга алдырбай, тынчтыкты сактап турушу абдан маанилүү. Анткени, азыр жаңжал чыгарбай, ызы-чууга алдырбай тынчтыкты сактап туруунун өзү чоң жетишкендик. Чек арага чеп болуп жашаган  жергиликтүү элдин  тиричилиги, өмүрү, коопсуздугу бар экенин ар бирибиз түшүнүшүбүз керек. Ошон үчүн  чек араны кандай болсо да, тынчтык жолу менен чечүү зарыл. 

- Чек арада чыр чыкты деген маалыматты чек арада иштеп кеткендер кандай кабыл алат?

- Чек ара кайтарып, чек арачылардын түйшүгүн, милдетин, жоопкерчилигин жакшы билгеним үчүн "чек арада чыр чыкты" дегенде жанымды коёрго жер таппай калам. Оюмдун баары чек арада, чек араны коргогон чек арачыларда болот. Жабыркашпаса экен, жарадар болбосо экен дейм. Өлүм болду десе аз болсо экен, жарат алса жеңил болсо экен дейм. Чек арачы ардагерлер чогула калып, кантип жардам берип, кантип колдоо көрсөтсөк экен деп сүйлөшөбүз. Чек арада ок атылды, кармаш күчөдү дегенде ардагерлер  жетип бардык. Чек арачыларга моралдык дагы, башка жагынан дагы колдоо көрсөттүк. Ошол жерден чек арачыларды даңктай турган иштерди жасашыбыз керек экенин, аларды туш тараптан  колдоо  зарыл экенин түшүндүк. Ошолорду мисал кылып, мекенчил жигиттерди өстүрүү зарылдыгын туйдук. Буюрса, ишти баштадык...

- Былтыркы кол салууда  ротасын сактап калыш үчүн  өзүн жардырып жиберген жигиттерибиз да болду. Чек арачы жигиттерибиздин эрдик көрсөткөн окуялары  кол салган тараптын да  мизин кайтаргандай болду. Чек арачылардай эрдикти бардык эле адам жасай албаса керек... 

- Сиз Эламан Ураимовду айтып жатасыз. Анын да баатырдыгы, эрдиги ченемсиз болду. Бирок мен  чек ара кызматындагы "Бөрү" атайын отрядынын ар бир кызматкерин баатыр мүнөз  азаматтар деп билем. Мен да ошол "Бөрүдө" кызмат кылгам. Ошон үчүн алардын духун, мекенчилдигин жакшы билем. Чек ара кайтарган жигиттердин ар бири өзгөчө сөзгө, өзгөчө сыйга, өзгөчө мамилеге татыктуу. Алардын ар бири баатыр. Алардыкындай дух, мекенчилдик сезим бардык эле эркектерде боло бербейт. Ошон үчүн ар бир чек арачынын өмүрү кымбат. Кагылыштарда алардан айрылуунун өзү мамлекет үчүн да чек арага чеп болгон жигиттер үчүн да оор болот. Алардан айрылдык деген сөздү уккандагы сезимдерди сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес... Азыр да шейит кеткен баатырларды эстесем ичим эзилип, жүрөгүм өрттөнөт... Өкүнгөнүм окко учкан чырактай жигиттердин көбү үйлөнө элек, артында туяк калбаган жалгыз уулдар болушту. Алардын ата-энесинин күйүтүн, мекенчил жүрөгүн, баатыр мүнөзүн эстегенде дүйнөм карарып, жанымды коёрго жер таппай кетем... Мындай жоготуулар экинчи кайталанбаса экен, чек арада тынчтык, элибизде ынтымак болсо экен деп жараткандан дайыма тилейм...

Чек арадагы кармашта шейит кеткен азаматтардын ар  бирин сураштырып, каңырыгың түтөйт. Эламанды жакындан тааныбаганым менен ал тууралуу жакшы сөздөрдү көп жолу уктум. Үлгү болчу, көк жалдыгы бар мыкты сапаттарга бай жигит болчу дешти. Шейит кеткен ар бир чек арачы өзүнүн жанынын тынчтыгын эмес, мекендин бүтүндүгүн жогору койгон жигиттер эле. Аттиң дегенден башка арга жок, каңырыгыбыз түтөп кала берди...

Чынайым Кутманалиева