Мүлдө кыргызга аттын кашкасындай таанымал саясатчы, бир топ чоң кызматтарды өткөөл учурларда жетектеген мамлекеттик ишмер Алманбет Шыкмаматов «Бишкек» эркин экономикалык аймагына келгенден бери чоң өзгөрүүлөр аяк сала баштаганы байкалууда.
Инвестиция тартуу, экономикалык климаттын сапатын жакшыртуу багытында жигердүү иштер жүрүүдө. Тагыраак айтсак, быйылкы жылдын 1-кварталында эле 299,48 млн. сом инвестиция тартылып, иш ыргагы бийик темп менен баратат. Эми ушул калыптан жазбай кетишсе, жакынкы жылдарда көп нерсе чечилери айкын болуп калды. Негизи, эркин экономикалык аймак түзүлгөндөн бери түзүгүрөөк жетекчиге жетпей, багы ачылбай келгенин билебиз. Дегенибиз, башында абдан мыкты шарттар түзүлгөн болчу. Жеңилдиктер да жакшы болуп, чү дегенде 1400гө чейин инвестор келген. Шалаакылыктын, иш билбегендиктин айынан акча салган инвесторлордун шагы сынып, артка кайтууга аргасыз болушкан. Жеке кызыкчылыгын ойлогон жетекчилер 14 жолу мыйзамдарды өзгөртүп, эң мыкты долбоордун кыр аркасын сындырышкан. Азыр 300дүн тегерегинде субъект катталса, 100дөн ашыгы гана өндүрүш жүргүзүп жатышат. Алардын жарымынын капиталы чет өлкөдөн каржыланат. 25 жылдан бери инфраструктурасы эскирип бүткөн. Кыскасы, эркин экономикалык аймак толугу менен реконструкциялоого муктаж болуп калган. Мына ушуну азыр Алманбет мырза эпке келтирип, түп тамырынан бери өзгөртүүгө билек түрүнө киришип турган чагы. Биз эми ишиңизге ийгилик дегенден башка айтар сөзүбүз жок, чамдай бериңиз Алмаке!
Булак: “Майдан.kg” гезити