Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин "Регион" телеканалына берген маеги. 

- Сиз коррупция менен күрөшүүнүн экинчи этабы башталганын айттыңыз. Ал биринчи этаптан эмнеси менен айырмаланат? 

- Биз Садыр Нургожоевич экөөбүз иштеп баштаганыбызда коррупция менен күрөштү 3 этапка бөлгөнбүз. Биринчи, күрөшү системалаштыруу керек болчу. Бул чыныгы күрөш. Күрөштү кантип жүргүзөбүз, кантип натыйжалуу кылабыз, мамлекетке кантип жардам беребиз деген багыттарды аныктоо керек эле. 

Биз биринчи этап соңуна чыкты деп айта алабыз. Жаңы баштаганда мамлекет ыйлай турган абалда болчу, баары коррупцияга баткан, айрыкча мамкызматтар. Коррупция, ОПГ менен байланыш, ОПГнын мамлекеттеги бийлиги... Кайда барба биринчи бирөө, андан кийин башка менин келишүү керек эле. Ар бир аймактарда көзөмөлдөөчүсү болгон. Алардын толук кандуу системасы орногон. Алар ал турмак айыл өкмөттүн ишине кийгилишкен. Мамлекеттик системаны башкарышкан. Башкача айтканда, кылмыштуулук легалдашкан. Бул системаны жок кылуу, түрмөгө камоо, мыйзамдын бардык катаалдыгын колдонуп жазалоо тапшырмасы турду. Бул ОПГ менен күрөшкө таандык. 

А коррупция бардык тармакта болгон, бардык иш коррупция аркылуу чечилген. Ал турмак нанды дагы коррупция аркылуу сатып алып калышкан. Нан аласың, а ал дүкөн салык төлөбөйт же жарымын гана төлөйт. Нан аткезчилик жол менен келиши да мүмкүн. Коррупция коомдун тамырына жайылган. Аны менен күрөш ушундай болгон. 

Башында биз бардык аракетти көрүп, 3-4 айда жыйынтык ала баштайбыз деп ойлогонбуз. 6 айдан кийин баарын жок кылабыз деп. Бирок биринчи этап эки жарым жылга созулду. Биз аны менен кантип күрөшүү керектигин, аны кантип мыйзамдуу жолго салууга болбоорун, кантип жазалаш керектигин түшүндүк. Ага эки жарым жыл кетти. Мен коррупционерлерди кайдан кармоо керектигин, алар кайда бар экенин, кимде канча акча бардыгын билем. Баарын билдим. Бүгүнкү күндөн тартып тармактарга үңүлөбүз. Буга чейин биз кылмыш учурунда кармап келгенбиз. Мындан ары тармактарды карап, алардын арасынан издеп, коррупцияны жок кылабыз. Бул маселени чечүү абдан татаал болду. Ошондуктан мен экинчи этапта коррупция жана ОПГ менен күрөштү күчөтөбүз деп ойлойм, экинчиден, мыйзамдын бардык күчүн колдонобуз. 

Буга чейин ачык айтышыбыз керек, коррупционер кармалганда мамлекеттен 100 миң сом уурдаса: “Макул, мамлекетке 500 миң-1 миллион сом кайтарып бер” деп, сотто айып пул төлөп, же жеңил жаза менен чыгышты. Эми мындай болбойт. Күрөштүн экинчи этабында мыйзам алдында бардык жоопкерчиликти карайбыз. Мисалы, коррупционер кармалса, анын малы, үйү, бүт мүлкү конфискацияланат. Экинчиден, мыйзам боюнча 5, 10, 15 жыл болобу, мөөнөт алат, абакта отурат. Мындан ары коррупция менен кармалган адам бизден кутулбайт. Ким коррупция менен кармалса, мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө түрмөдөн качып кутула албайт. Мурдагыдай 2 ай, 6 ай, бир жыл жатып калышат, андай болбойт. Биз муну камсыз кылабыз.

Мындан тышкары уюшкан кылмыштуу топтордун, аткезчилердин, шылуундардын, мамлекетти алдагандардын тамырын кыркуу керек. Ар бир адам түрмөгө отургузулуп эле тим болбостон, зыяндын ордун толтурууга тийиш. Мындан ары Кыргызстанда бандиттик топтор, уурулар, шылуундар, элдин канын соргондор, мамлекетти ири суммага алдагандар болбойт. Бул ким? Финансы тармагындагы, банк тармагындагы, Каржы министрлигиндеги кылмышкерлер - бул маселе ал жерде көп көтөрүлөт. Бүгүн же эртең айтабыз, мен азыр бул маселени карадым, жакында чоң чиновниктерди камайбыз. Жакынкы күндөрдө көптөгөн иш-чаралар иштелип жатат, жакында чоң кызматтагыларды камай баштайбыз. Алар каржыны колунда кармап, бирок натыйжасыз пайдаланган, ошондой эле өз кызыкчылыгына колдонгондор.

Күрөштүн экинчи этабы башталды. Ушул этапта мурункудай эле камалып жатканда коё бербейм. Мен эң оор жазаны колдоном.