Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин "Регион" телеканалына берген маеги. 

- Соцтармактагы баракчаңыз аркылуу тараткан билдирүүңүздө "Көп нерсеге жетишүүм керек, убактым аз калды" деп айттыңыз. Бул эмнени билдирет? 

- Менин билдирүүмдө эч кандай кош маани жок жана болбошу да керек. Мен баарын коомчулукка жеткирүү үчүн ачык айттым. Биз көп иштедик, бирок анын баарын жайылткан жокпуз. Отчет көп убакытты алат, а эл ансыз деле иштин жыйынтыгына күбө болууда. 

Көбү ушул сөз боюнча сурап жатышат. Баарын эмнеге убакыт аз калды жана мен өзүм тууралуу айттымбы, ошого кызыгышууда. Туура, өзүм жөнүндө айттым. Бул ишке байланыштуу. Жеке өзүмдө таандык нерсени коомго чыгара албайм. УКМК төрагасы катары мөөнөтүп азайып баратат. Мен бул жерде өмүр бою отурбайм да. 10-15 жылдап төрага болбойм. Мындай ой болгон учурда деле андай мүмкүнчүлүк болбойт эле. Билинбей эле эки жарым жыл өтүп кетти. Ошондуктан шашылышыбыз керек. Биз пландалган иштерди ишке ашырууга үлгүрүшүбүз керек. 

Мамлекеттин кызыкчылыгына иштеп жаткан маалымда "Дайыма эле ушул жерде отурмак белең? Жардам берип кой да. Чыгар", - деп айткандар көп. Туура, мен түбөлүк отурбайм. 10 жылдап отуруштун мааниси деле жок. Бирок УКМК төрагасы болуп турган убагымда көп нерсеге үлгүрүшүм керек. Коррупцияны, бандиттерди, мамлекетке зыян келтиргендерди жок кылышым керек, мен жумуштан кеткенден кийин алар мага эле эмес, коомго да зыянын тийгизбей тургандай кылып. Так ушул убакыт күн сайын кыскарып баратат. 

Ар бир саат мага баалуу. УКМК кызматкерлери менен күнү-түнү иштеп жатабыз. УКМКнын ичинде баары идеалдуу деп айтуудан алысмын. Мында да кыйын болду. Тазаладык. Бүгүнкү күнү баары өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарып жатышат. Биз жакшырдык деп ойлойм.