Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев соцтармактагы баракчасына кыргыз киносу тууралуу пикирин жарыялады:

"Кыянатчылык, кыянатчылык жана дагы кыянатчылык...

Душман кылбай турган ишти өзүбүз өз колубуз менен жасап жатабыз!

Кыргыз элине, анын келечегине эң чоң кыянатчылык кылып жаткандар - булар азыр кыргыз тилинде ар кандай кино тасмаларды тартып жаткан режисерлер, алардын сценарийин жазып жаткандар. Ооба мына ушулар.

Алар балким өздөрүн "баатыр" сезип, өнүгүүгө салым кошуп жатабыз, эч кимден акча сурабай кино тартып жатабыз деп көкүрөктөрүн керип, мактанып, а балким Маданият министрлигинен ар кандай сыйлыктарды да талап кылып жүргөндүр. Бирок иш такыр тетири.

Мына ушул багыттагы "чыгармачылмын" дегендер азыр кыргыздын биринчи душманы болуп калышты. Анткени реалдуу турмуштан алдык дегендей кылып кыргыз тилинин чалмакейин чалып жатышат, каармандары, кейипкерлери бүтүндөй кыргыз-орус аралашма тилде сүйлөшөт, а түгүл кай бирлери орус тилинде эле сүйлөйт. Мына ушуну менен учурдагы ансыз деле өтө оор болуп турган ЭНЕ ТИЛ маселеси ого бетер ылайга тепселип, ТИЛ МАДАНИЯТЫБЫЗГА катуу сокку урулуп, эл ичинде, айрыкча жаштардын арасына ошондой аралашма аргын тил ого бетер бышыкталып, андан ары таркатылып жатат.

Ошону менен Кыргыз тилинин, демек Кыргыз элинин келечегине балта чабылып жатат.

Бул багытта атайын мамлекеттик саясат жүргүзүлүүсү учурдун талабы. Өтө эле кеч болуп кала электе "этегибизди жаап", эсибизге келели, туугандар".