Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден алган маеги тууралуу пикирин соцтармактагы баракчасына жазды. 

"Журналист Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган маегинин тегерегинде бир топ талкуулар жүрүп жатат. Анын ичинде Кошалиевди Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасынан кетирүү талабын койгондор да бар.

Элдик Курултай бекиткен регламенттин 25-пунктуна ылайык, төрага жана анын орун басарлары делегаттардын көпчүлүк добушу менен элдик Курултайдын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Демек, Элдик Курултайдын өткөрүлгөн убактысынын бүтүшү менен алардын ыйгарым укуктары дагы аяктайт. Кийинки Элдик Курултайда, делегаттардын көпчүлүк добушу менен төрага, анын орун басарлары жана катчысы кайрадан дайындалат.

Андыктан, Элдик Курултайдын төрагасы ар бир кезектеги Курултайда жаңылана тургандыгын эске алып, Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок деп эсептейбиз.

Анын, журналист катары мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевден алган маектери өзүнүн тандоосу, кесиптик изденүүсү деп эсептейбиз.

Ошондой эле, даярдаган маеги мамлекеттик маалымат каражаттарынан чагылдырылбаганын баса белгилейбиз", - деп жазды ал.