Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) Кемпир-Абад маселесине байланыштуу абакта отургандардын арасында ачкачылык кармап жаткандар боюнча маалымат берди.

Мекеменин басма сөз кызматы беш киши ачкачылыкты улантып жатканын, алардын абалы "дурус" экенин билдирди. Алар - Али Шабдан, Акылбек Айтбаев, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов жана Атай Бейшенбек.

ЖАК тараткан маалыматка караганда, алар Атай Бейшенбекти айып изоляторунан чыгарууну, Равшан Жээнбеков менен Илгиз Сарылдак уулун мурдагы отурган абак бөлмөсүнө алып келүүнү талап кылышкан.

"Ачкачылык жарыялагандардын абалы бүгүнкү күндө жакшы. Эч кандай дооматтары жок, суюктук ичип жатышат, кээ бирөөсү аз-аздан тамак жеп башташты. Медицина кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө. Айыпталуучуга тамак-аштан баш тартуу алардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туудурары, кайра калыбына келтирилгис кесепеттерге алып келери түшүндүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.