Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айбек Маткеримов мурдагы президент Аскар Акаевге байланышкан маселе боюнча пикирин билдирди. 

Эске салсак, жакында Акаев жубайы Майрам Акаев менен Кыргызстанга келген. Ага удаа эле биринчи президент Бишкектеги И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде лекция окуй турганы белгилүү болгон. Буга окуу жайдын студенттери каршылыгын билдирип "Акаев биз үчүн коррупциянын, уурулуктун символу болуп калган" деген кайрылуусун жолдошкон. 

"Өлкөдөн качып кеткен мурдагы президенттин лекциясына жергиликтүү окуу жайлары таңсык эмес. Биз ал киши бизди сазга батырган деп келебиз. Аксыда жарандарды аттырган. Ооба, билимдүү экенин моюнубузга алабыз. Бирок ошол эле учурда келечекти ойлоо керек. Ал эмне студенттерге кантип уурдоону үйрөтөбү?" - деди Маткеримов.

Депутат Кундузбек Сулайманов дагы парламенттешин колдоп, Акаевди лекция окууга тарткан КТУнун ректору Мирлан Чыныбаевге чара көрүүнү сунуштады. 

"Бизге Акаевдин лекциясынын кереги жок. Сизге маалыматты өз убагында бербегени үчүн КТУнун ректоруна чара көрүңүз", - деди билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевге кайрылып.