С.Нааматов атындагы НМУнун Магистратура, аспирантура жана докторантура борборунун директору Кыргыз Республикасынын УКМКнын кызматкерине ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси ("Пара берүү") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, аталган борбордун директору Б.М.А. 11- майда УКМКнын кызматкерине 4000 доллар пара берип жаткан жеринен кармалды.
Б.М.А. ЖОЖдун кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында текшерүүдөн өтүп жаткан. Анын ишмердүүлүгүнөн кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, студенттерди кабыл алуу, которуу жана калыбына келтирүү, чет өлкөлүк студенттерге жогорку билими тууралуу дипломдорду мыйзамсыз берүү сыяктуу мыйзам бузуулар аныкталган. Ага байланыштуу Б.М.А. бул ишти токтоттуруу максатында УКМК кызматкерине акча сунуштаган.
Б.М.А. УКМКнын кызматкери менен кылмыш ишин токтотуу боюнча сүйлөшүп жатканда бөлмөдө университеттин проректору А.Ж. да болгон, ал мурда козголгон чет элдик абитуриенттердин ЖОЖго кабыл алынуусу жана андан ары билим алуусунда мыйзам бузуу фактылары боюнча кылмыш ишин токтотууга аракет кылган.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.