Айрым массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда УКМКнын кызматкерлери тарабынан Абдыш-Ата заводунда  тинтүү жүргүзүлдү делген маалымат абсолюттук жасалма жана чындыкка дал келбейт. 

Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Ошондой эле атайын кызмат маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн так маалымат берүүгө  жана жоопкерчиликтүү мамиле кылууга кайрадан чакырат жана атайылап жалган маалымат тараткандыгы үчүн жоопкерчилик караларын эскертет.