ДЭУнун жетекчилери менен байланышы бар адамдарга ынандыруу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК кызматкерлери “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрү С.Х., М.А.М, Г.М.Н жана Н.И.А. карата аталган диний уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынганын жана бул уюмга катышкандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылаарын түшүндүрүштү.
“Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн жашаган жеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, СД-диск (10 даана), диний адабияттар, брошюралар (“Хизбут-Тахрир” ДЭУ тарабынан чыгарылган), флеш-карталар, планшеттер (2 даана), телефон аппараттары (5 даана) табылып алынып, диний экспертизага жөнөтүлдү.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний уюмдардын жана алардын тарапташтарынын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда", - деп айтылат маалыматта.