Жогорку Кеңеш 10-майдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетинин курамын толугу менен кызматтан кетирүү сунушун карап, аны четке какты. Өткөн айдын аягында парламенттин тармактык комитети дагы бул сунушту колдогон эмес.

Талкуу маалында бир катар депутаттар жагдайдан чыгуу үчүн Конституцияны өзгөртүү тууралуу сунуштарды айтты.

"Акылбек Жапаровдун отставкасы көйгөйдү чечпейт. Келгиле, Жогорку Кеңеште Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштайлы. Муну өлкөнүн келечеги үчүн жасашыбыз керек. Депутаттар да, министрлер кабинети да, президент да ант бергенбиз. Баарыбыз чогулуп, Конституциядагы маселелерди карап чыгышыбыз керек. Баш мыйзамдагы каталар үчүн уялуунун кереги жок", - деди депутат Мирлан Самыйкожо.