Эми Элдик курултайдын делегаттары "биз көйгөй, арыз-муңдарды бийликке жеткиребиз" деп айта албай калышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Элдик курултай тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда аны иштеп чыккан жумушчу топтун төрагасы депутат Жанар Акаев билдирди. Айтымында, мыйзам долбоорунда делегаттар үч жылдык мөөнөткө шайланышпайт жана өз пикирлерин гана айтууга укуктуу болушат. 

Буга депутат Тазабек Икрамов каршы чыкты. 

"Эгерде делегаттар эч кандай чечим кабыл ала алышпаса, анда курултай өткөрүүнүн кандай зарылчылдыгы бар", - деп таң калды ал. Ага удаа эле "Эл тарабынан шайланган депутаттардан куралган Жогорку Кеңеш - бул курултай", - деп кошумчалады. 

Депутат Эмил Токтошев курултайды эки жылда бир өткөрүүнү сунуштады. "Делегаттар келишсин, пикирлерин айтышсын, каалаганын макташсын, ошону менен болду", - деди. 

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев курултайдын мурдагыдай 1200 эмес, 700 делегаты болоорун белгиледи. Ошондой эле, Элдик курултай бийликтин бутагы болуп эсептелинбейт. 

"Өткөн жылдагы курултайда делегаттардан 3700 сунуш түшкөн, бүгүнкү күндө анын 60 пайызы ишке ашырылды", - деди Абыкеев. 

 Жыйынтыгында, депутаттардын 66сы "макул" добушун беришип, мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.