Бүгүн, 10-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин Координациялык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйынга төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана Аппараттын жетекчилери менен бөлүм башчылары катышты.

Координациялык кеңеш жыйындардын календардык планын бекитип, муну менен катар каралчу маселелердин тизмесин тактады.

Белгилүү болгондой, 2023-жылдын 11-майында Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата маарекелик иш-чаралар өтөт. Андыктан аталган күндөгү парламенттин жыйыны кийинкиге жылдырылды.