Ысык-Көл районунун Ананьево айылында "АГО Инстайл" ЖЧКсы тарабынан 200 орундуу кийим тигүү фабрикасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгү билдирди. 

Анда айтылгандай, тигүү цехин курууга Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан 20 миллион сом бөлүнгөн. 

Учурда курулуш иштери аяктап, тигүүчү эмеректер орнотулду. Тикмечилер кабыл алынып, окутуудан өткөрүлдү. Ишкана тарабынан өндүрүлгөн продукция (аялдардын жана эркектердин сырткы кийимдери) Россияга экспорттоого багытталган.