Жогорку Кеңеште мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын мыйзам долбоору каралып жаткан маалда депутат Адахан Мадумаров адаттагыдай "оригиналдуу" ой жүгүртүүсү менен өзгөчөлөнө алды.
"Азыр Кыргызстанда тилден башка маанилүү маселе бар, курсак маселеси бар", - деди Адахан Мадумаров.
Аталган мыйзам долбоору Кыргызстандагы мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерден, жетекчи кызматтагылардан, сот жана башкалардан мамлекеттик тилди билүүнү талап кылууга багытталган. Кыргыз тили аны колдонууга зарылдык жаралганда гана өнүгөөрү талашсыз. Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия эне тилибизди жоготуп алуу коркунучунан улутту чыгарып кетүү максатында ушундай өңүттөгү мыйзамды киргизүүнү демилгелеген. Ал эми Мадумаров тил эмес курсак маселесин биринчи орунга коюуда.
Кыргызда макал бар - "Ачынган курсак тоюнат, жыртылган кийим бүтөлөт". Ал эми улуттук баалуулуктар: тил, адат-салт, жөрөлгө ж.б. күн сайын колдонуп, өнүктүрүп турууга муктаж. Эне тилди жоготкондон кийин курсактын тогу же ачы маанилүү эмес.
Ушундан улам суроо туулат - тилге күйбөгөн Мадумаров өлкө үчүн күйөбү? Эне тилден тамакты бийик койгон Мадумаров улуттун келечегине кам көрө алабы?