"Аю" компаниясына байланышкан маселе тууралуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев пикирин билдирди.
- Каныбек агай, “Аю” компаниясы мамлекеттин карамагына өтө турганы белгилүү болду. Бул коомчулукта ар түрдүү кабыл алынууда. Айрымдар мындай кадам менен өлкөгө келчү инвесторлорду качырып алаарыбызды айтып жатышат. Ошол эле убакта президент өзү билдиргендей, компания салыктан качып, акциздик маркаларды жасалмалаган мыйзамга туура келбеген аракеттери үчүн конфискацияланган. Сиздин пикириңиз кандай?
- Дароо эле башында кесе белгилеп айтып коё турган кебим бар. Биз, кыргызстандыктар, анын ичинен өзгөчө кыргыздар, жеке чарба, рынок экономикасы, бизнес дегенди мыйзам чегинде так аткарып, аларды гүлдөтүп кетүүгө жөндөмсүз калк экенбиз. Мындай трагедиялуу тыянакка баш ийгенибиз оң. СССРден калган эбегейсиз зор байлыкты талап дагы деле бүтүрө албай келишет! Башында өндүрүштү, колхоз-совхоздун жерлерин коммунисттик-комсомолдук мафия жана соодагер-кызыл кулактар элди ырайымсыз алдап туруп бөлүп алышкан! Карапайым эл тентип калган.
Анан өлкөнүн бюджетин тоноп киришти. Муну эч кимиңиздер андай болгон эмес деп айта албайсыздар. Азыр элди ошол сугалак, ач көз жана ырайымсыз адамдар бийлеп турушат! Сиз сураган "Аю" баш болгон фирмасы деле ошолордун туундусу. Эми караңыз, кечээ ошол эле "Аю" заводунун "Токмок Буллс" ОсООсунун кампасынан милиция 260 тонна спирт, 13 миң даана аксиздик маркасы жасалма аракты конфискация кылышыптыр! Бул эмне деген шермендечилик? Мындай акмакчылык жана кылмышкерлик канча жылдар бою уланып келди экен? Ал эми башка миңдеген жеке фирмаларда абал кандай ? Ким айта алат? Алар элдин ырыскысын бөлүп алышып, бюджетке бир тыйын төлөшпөй тайраңдап жашап келишет да?! Алдыңкы өлкөлөрдө атактуу спортсмен салыкты жашырганы же жарым-жартылай төлөп койгону үчүн оңбогон зор суммада айып тартып, ал турсун камалып кетип жатат! Бизде болсо уурулар атак-даңкка бөлөнүп, көбү депутат болуп жүрүшөт!
Өзү бардык эле мамлекеттерде, жер-кен ресурстары, спирт өндүрүшү менен алкоголь ичимдиктери, фармацевтика жана энергетика өлкөнүн гана энчиси болот. Алардын жардамы менен бюджет куралат. Анан социалдык көйгөйлөр эффективдүү чечилет. Бизде болсо бир ууч карышкырлар жомоктогудай жашап, калган эл "тишинин кирин соруп" күн көрүп келет. Азыркы бийлик мындай абалды кескин түрдө жакшыртууга жан үрөп киришсе жакшы болмок!