Бишкектин Свердлов райондук прокуратурасынын прокурорунун улук жардамчысы пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, улук жардамчыны бүгүн саат 18:40 УКМК  Мамлекеттик прокуратуранын Тергөө башкармалыгы менен биргеликте кармаган. Ал прокуратуранын имаратынын ичинде пара алып жаткан. 

Улук жардамчы Борбугулов Абдубали Тайырбекович өзү тергеп жаткан сотто каралып жаткан иш боюнча оң чечим чыгаруу жана  арыз ээсине карата өзүнчө сотко чейинки өндүрүштү жокко чыгаруу үчүн 450 миң сом (5 миң АКШ доллары) өлчөмүндө опузалап акча талап кылган.