Камчыбек Ташиев жана уулу Таймурас Ташиев менен тааныштыгым бар деп, жаранды кызматка орноштуруу үчүн акча алган адам кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин башталган. Анын негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан Кудайберди уулу О. аттуу кыргызстандык кармалган.
Ал УКМКнын төрагасы К.Ташиев жана анын уулу Т.Ташиев менен жакын тааныштыгы бар экенин айтып, И.А.М. аттуу жарандын ишенимине кирип, аны Ош облусунун Кара-Суу районунундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызматына орноштурамын деп 1500 АКШ долларын алган.
Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында К.у.О өз аракетинин кылмыштуулугун түшүнүп, мындан ары мындай аракеттерге барбоого милдеттенди.
Материалдар юридикалык баа берүү үчүн Ош облусунун Ички иштер башкармалыгына берилет.