КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматындагы коррупция фактысы боюнча бюджетке 100 миллион кайтарылганын УКМК билдирди. 

Эске салсак, буга чейин УКМК тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору жана жеке ишканалардын үч жетекчиси кармалган. 

Инспекторлор кызматтык милдетин аткарууда кылмыштуу аракеттерге барышып, “Ф” тобундагы компаниялардын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүшкөн дагы республиканын бюджетине иш жүзүндө төлөнүүгө тийиш болгон салыктардын суммасын бир нече эсе төмөндөтүп беришкен. Жыйынтыгында, компаниялар 3,3 миллион сом өлчөмүндө гана салыктарды төлөшкөн.

УКМК бул боюнча ыкчам тергөө жана аныктоо иш чараларын жүргүзгөн. Салыкчылардын жана “Ф” тобундагы компаниялардын салык төлөөдөн качуу түрүндөгү аракеттеринен келтирилген зыян 100 миллион сом экени аныкталган. Бул акчалар учурда мамлекеттик казынага толук кайтарылды. 

"Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, тергөө амалдарынын жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу КР УКМК коомчулукка маалымдап турат", - деп айтылат билдирүүдө.

Акыркы эки жылдан бери атайын кызмат тарабынан коррупцияга аралашкан, пара алууну адатка айланткан мамлекеттик жетекчилер жана кызматкерлер ачыкталып жатат. Буга чейин кызматта иштеп жаткан адам эч убакта коррупцияга шектелип кармалган эмес. Мына, ээн-жайкындык кызмат адамдарынын каалашынча мыйзам бузууга барышына жол ачкан. Бүгүнкү УКМКнын мамлекеттик системадагы коррупцияны иликтөөсү натыйжалуу болууда.