300 миллион сомдон ашык алтынды тиешелүү документтери жок алып келүү фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, 17-апрелде “Ак-Жол” товарларды чек арада каттоо пунктунда Чүй облусунун аймагындагы ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан “JAC” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Андан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын салык органдарында каттоодон өтүүгө тиешелүү болгон документтери жок, салмагы 84 кг жакын алтын табылган.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын адистерин тартуу менен республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат.