Кадр тандоодо алардын мамлекеттик тил боюнча тапшырган сынагынын жыйынтыгы роль ойнобойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев билдирди.
Депутаттар кыргыз тилин жакшы билбеген министрлер тестти кантип тапшыраарына кызыгышты.
"Сынактын жыйынтыгында, айрым мекемелердин жетекчилери мамлекеттик тилди жакшы билээрин көрсөтүшөт. Мисалы, мурдагы транспорт министри диктанттан 5 алган. Министрликтин борбордук аппараты да диктант жазышты. Абал биз ойлогондой кейиштүү эмес экен. Бирок кадр саясатында сынактын жыйынтыгы эске алынбайт", - деди Осмоналиев.
Эске салсак, мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, судьялар, саламаттыкты сактоо мекемелеринин, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, педаогогдор, илимий кызматкерлер ж.б. кыргыз тилин милдеттүү түрдө билиши керек.