Кыргызстанда ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер мамлекеттик тилди билиши керек. Бул боюнча мамлекеттик тил тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште талкууланып жатканда белгилүү болду. 

Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев мында орус тилдүүлөрдүн укугун басмырлоо жоктугун билдирди. 

Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору кабыл алынып калса, мамлекеттик тилди билбеген аткаминерлер кызматташ кетиши керекпи деген суроо узатты. 

"Мыйзам долбоорунун 5-беренесине ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилин билүүгө тийиш. Мында орус тилдүүлөрдүн укугун басмырлоо жок. 10-берене документтерди кыргыз тилинде жүргүзүүнү талап кылат, бирок зарылчылдык жаралса, башка тилде да жазууга болот деген белги бар", - деди Осмоналиев. 

Ал белгилегендей, 2017-жылы өлкөдө мамлекеттик кызматкерлерден кыргыз тилин В1 деңгээлинде билүүнү талап кылган токтом кабыл алынган. 

Ошондо, мыйзам долбоору боюнча мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, депутаттар, аскер кызматкерлери, судьялар, менчиктин бардык формасындагы билим берүү мекемелеринин, саламаттыкты сактоо мекемелеринин, педагогикалык жана илимий кызматкерлер ж.б. мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүүсү керек болот.