Ушундай заманда жашап атабыз. Жалданма жазмакер, жактагычтардын арты менен коррупционерлер таптаза, таза иштегендер, репутациясы жакшылар коррупционерлерге айланышчу болду. Токмоктун мэри Урмат Самаевге байланыштуу да ушундай болууда. Кылыгынан былыгы көп Урмат Самаев коррупциялык иштер боюнча кармалды. Аны УКМК иши жоктугунан кармаган жери жок. Бирок аны да жалданма жактагычтар аппак кылып акташып, ал гана эмес, анын кармалуусунан саясат жасашып, президент менен УКМК башчысынын тирешинен улам болуп жатканын жазгандар да жок эмес. Бул эми чынында күлкүнү гана келтирет. Самаевдин чайын ичип, акчасын алып, караны ак дей берген пиарчы, блогер сөрөйлөр аман эле болушсун. Алган акчаларын акташып, жактагылары келишсе, аны саясат кылбай эле жасашса болбойбу?
Бийликтин эң жогорку тепкичиндегилердин тирешине себепчи болгудай Самаев деги ким? Самаев саясатта эч ким. Мурдагы чала спортчу, бандит чалыш адам. Өзүнүн чоң муштумдугу менен ар кандай мыйзамсыз, коррупциялык иштерди кылып, байып, каада күтүп, кол алдындагыларды коркутуп, үркүтүп алган, сөзгө мокок, ойго чоркок, кыйраткан сабаты жок адам. Анын кылмыштуу, мыйзамсыз иштерин тергей, иликтей келсе, оозубуз Ошту карашы мүмкүн.
Кээ бирлер үйүнөн эч нерсе табылбаганды бетке кармашып, аны актап жатышат. Бул анын таза экенин, мыйзамсыз иштерди кылбаганын билдирбейт. Тергөө, иликтөө иштери эми гана башталды. Анын жыйынтыгы менен Самаевдин шектүү жолдор менен табылган байлык, мүлктөрү ачыкталат. Башкасын айтпайлы, бир эле Токмоктун четиндеги гектарлаган жерлерге кантип, кандай жолдор менен ээлик кылып алгандарына жооп бералабы? Албетте, жок.
Фейсбуктан алынды