Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачеванын айтымына караганда, учурда №1 мектеп-интернатындагы митинг боюнча комиссия иштеп жатат. 

Ал белгилегендей, митингди балдарды аралаштырып уюштургандар жоопкерчиликке тартылат. Анткени алар окуу процесстерин үзгүлтүккө учуратты жана окуучуларды чыр-чатакка аралаштырды. 

"Кандай болгон күндө дагы балдарды колдонбоо керек болчу. Мугалимде жоопкерчилик менен педагогикалык этика болушу зарыл. Биздин негизги милдетибиз үзгүлтүксүз окуу процессин, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу. Митингди уюштургандардын жоопкерчилиги боюнча комиссия иштеп жатат. Алар эмгек милдеттеринин чегинде жоопкерчилик ке тартылат.Эгер административдик мыйзам бузуу болсо, аны укук коргоо органдары чечет", - деди ал.