- Май айынан баштап, электр энергиясынын тарифи жогорулап, 23 тыйынга кымбаттары айтылууда. Энергетиктер тетиктердин эскилиги жеткенин айтып, тарифти көтөрүү аргасыз кадам экенин түшүндүрүп жатышат. Эл муну туура кабыл алабы?
- Май айынан баштап электр энергиясы 23 тыйынга кымбаттайт. Тагыраагы, майдан баштап электр энергиясы бир сом болот. Чындыгында энергетика тармагындагы маселелер чечилиши үчүн жок дегенде бир сом элүү тыйынга көтөрүш керек болот. Болбосо СССРден калган эскилиги жеткен жабдыктарды жаңыртыш мүмкүн эмес. Келечекте көмүр жакканды жыйыштырып, баарыбыз электр энергияны колдонууга өтүшүбүз керек. Ал үчүн энерго станцияларды куруу зарыл... Антпесек кышында төрт тонна көмүр 20 000 сом болот экен. Кошумча ыш деген маселе жаралат. Ошентип азап тартпай эле ошол 20 000 сомду электр энергиясына төлөсөк, шаарбыз таза, үйүбүз жылуу болот.