Кыргызстанда балдарды жөндөмдүү жана жөндөмсүз деп бөлбөш керек. Мындай пикирин "Билимдүү Кыргызстан" улуттук демилгенин төрагасы Абдывахап Нурбаев "24.kg" маалымат агенттигине билдирген.
Ал белгилүү педагог Гапыр Мадаминовдун тажрыйбасына таянып, алыскы айылда билим алган балдар кези келсе шаарда билим алгандардан алдыга озуп чыгаарын белгилеген.
"Талантты ар бир баладан издеш керек, мамлекет бардык балага билим алууга бирдей шарт түзүүсү кажет. Шаарда окуучулардын билим алууга шарты жакшы. Иликтөөлөргө караганда, айылдарда билим берүү деңгээли эки эсе аз. Кырдаалды тегиздеп, айылдагы мектептерге дагы шаардагы мектептердикиндей шарт түзүү керек. Ошондо жалпы билим берүү деңгээли көтөрүлөт", - деген Нурбаев.
Ошондой эле шаардагы мектептерге каражат айылдагы мектептерге салыштырмалүү көп берилээрин мисал келтирген. Айтымында, Бишкектеги мектепте бир окуучуга 22 миң сом, а айылда 11 миң сом коротулат.
"Балдардын күнөөсү кайсы? Эмнеге мындай айырмачылык бар? Көптөгөн өлкөлөр эчак эле мектептердин ар кандай макамын, ага жараша ар башка каржылоону жокко чыгарышкан. Ар бир балага бирдей каражат бөлүнөт. Мисалы, Россияда 2017-жылы эле бардык мектептерди бир катарга коюшкан. Гимназия жана лицейлер калды, бирок алар толугу менен өзүн өзү каржылоого өтүшкөн.
Бизде дагы элиталык жана элиталык эмес деген мектептер болбоого тийиш. Ар бир бала сапаттуу билим алууга укуктуу. Көптөрү мындай болушу мүмкүн эмес дешет. Бирок андай болот. Буга айылдардагы жана шаардагы билим берүүнүн айырмачылы 5 пайызды гана түзгөн Эстония мисал боло алат. А бизде айырма эки эсе көп.
Макул, 500 орундуу 10 элиталык мектеп ачылсын дейли, жыйынтыгында 5 миң окуучу кабыл алынат. Андан башка дагы 5 миллиондон ашуун окуучулар бар. Басымды кийин биздин коомду түзө турган көпчүлүккө коюу керек. Бул мамлекеттин милдети. Акча коротуп, артта калып жаткандарга жардам берүү жакшы. Вундеркинддер жалпы балдардын 1-2 пайызын гана түзөт. Аларды колдоп, талантын баалашыбыз керек, бирок реалдуу жардам артта калгандарга керек", - деди Абдывахап Нурбаев.