Бишкектеги эки мектепке жана бир окуу жайга жардыруучу зат коюлганы тууралуу укук коргоо кызматтарына билдирүү келген. Буга байланыштуу учурда билим берүү мекемелеринде эвакуациялоо иштери башталды.
Укук коргоо кызматтарынын маалыматына караганда, бүгүн, 18-апрелде №33 жана №67 мектептеринде жана Чүй проспектисинде жайгашкан КРСУнун юридикалык факультетинин имаратында бомба коюлганы тууралуу маалымат келген.
Учурда аталган билим берүү мекемелерине милиция барып, окуучулардын жана студенттердин баарын сыртка чыгарышты. Эми УКМКнын саперлеринин келиши күтүлүүдө.