-  “Аю” компаниясы мамлекетке өткөнүн айрымдар рейдерлик күч алды десе, кээ бирөөлөр  инвесторлорду чоочуттук деген мүнөздөгү ойлорун айтышууда. Салыкты жашырып, акцизди жасалмалап, спиртти контрабандалык жол менен ташыганы үчүн спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатканы туура элеби?

- Мамлекет бардык өзүнө караштуу мекемелерди кайтарышы керек! Менчикке өтүп кароосуз турган имараттар көптөгөн жылдардан бери чирип жарактан чыгып бара жатат... 

Эгер "Аю" компаниясы мыйзамды бузган болсо, салыктан качса анда өтө катуу жаза колдонулганы туура деп эсептейм. Чет өлкөдө мен билгенден салык төлөөдөн качкындарга өтө оор жаза каралган... Негизи азыркы бийликтин жасап жаткан иштерин  колдоп келе жатам. Себеби жакшы иштер жаралууда. Жакындан бери эле "Аю" компаниясы жөнүндө окуп калдым. Шакини жакшы тааныйм. Мыкты жигит. Өнөрканама келип ой бөлүшүп кеткен. Анын да 100 завод курам деген ой тилегин колдоп келгем. Мыйзам бузуу анык болгон болсо, анда жакшы эмес... Салыкты жашыруу - бул кылмыш. Менин балам кичине иш кылып жүрөт. Балам айтат “Салыкты сөзсүз төлөө керек!”- деп. Мен туура деп айтам. Мамлекет мага эмне кылды дебей, мен мамлекетке  эмне жардам кылдым деп ар бир атуул ойлонгону жакшы. Биз ошондо гана өнүгөбүз.