ИИМ интернет колдонуучуларды такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат. 

Эске салсак, Интернет желесинде "Атасы УКМКда, апасы Билим берүү министрлигинде иштеген окуучу кыз классташын мыкаачылык менен кордоп, сабап жаткан видео чыкты" деген аталыштагы видео тараган. ИИМ бул окуя Кыргызстандын аймагында болбогонун билдирет. 

"Бул эски тасма жана Казак Республикасынын аймагында болгондугу белгилүү болгон", - деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ интернет колдонуучуларды такталбаган маалыматтарды таратып, жарандарга тескери маалымат берүүдөн алыс болууга чакырат. Мыйзамды билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.