Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Анда эртең, 15-апрелден тартып аба ырайы кескин өзгөрүшү айтылат.

"15-апрелде күндүз, 16-17-апрель күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-апрелде күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, 16-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

17-18-апрелде абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 5…10°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 8…13°,

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6° жылуу, айрым жерлерде 0…-2° , күндүз 6…11°,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, айрым жерлерде -1…-3° , күндүз 6…11° жылуу,

тоо этектеринде түнкүсүн -1…-3° , күндүз 3…8° жылуу,

тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу,

бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт.

Мындай суук жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Ошондой эле күтүлүп жаткан үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу", - деп айтылат маалыматта.