Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарбачылыгы Мамлекеттик агенттиги арзан пиар менен гана алектенип калды. Бул тууралуу Руслан Жакышев "Ишеним" парламенттик фракциясынын жыйынында билдирди. 

Жакышов Курулуш агенттиги Финансы министрлигинен дайыма каражат күтүп отурат жана ага толугу менен көз каранды. А бирок каражат алгандан кийин курулуштарды көзөмөлдөшпөйт. 

"Талас облусундагы Бакай-Ата районундагы Тойчубек атындагы мектептин курулушу менен алектенип жаткан подрядчик 5 миллион сом алган, эми болсо эки айдан бери уктап жатат, эч нерсе жасабай. Алар бул акчага бизнес жасап жатышат. Силер арзан пиар менен алектенип жатасыздар, объектилерге барып, карап, сүрөткө тартып келесиңер, болду ошону менен бүттү, башка жыйынтык жок. Эгер ишти жасабаса, укук коргоо кызматтарына кайрылгыла. Бул компаниялар 5-6 тендерди утуп алышат дагы, жүрө беришет. Каражатты кийин бир аймактан экинчи аймакка беришет. Баарын көзөмөлгө алып, катаал тартип киргизиш керек да. Объектилердин баары аткаминерлердин шалаакылыгынан улам бүтпөй келатат. Чай ичишет, пиар кылышат, 15 адамды ээрчитишет", - деди депутат