«Манас» эл аралык аэропорту» ААК 2023-жылдын 12-апрелинде Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту менен биргеликте бүткүл дүйнөлүк авиация жана космонавтика күнүнө карата институттун студенттерине экскурсия уюштурду. Бул тууралуу абамайдандын басма сөз кызматы билдирди.
Экскурсияга Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун «Аба транспортунда тейлөө» адистигинин 1-курсунун 37 студенти катышты.
Бардык студенттер жүргүнчү катары жеке текшерүүдөн өтүп, андан кийин атайын автобус менен перронго чыгышып, аба кемелерге барышты. Алар учактарды жана аэродромдогу иштөө процессин жакындан көрүштү.
«Манас» аэропортунун кызматкерлери студенттерди негизги авиациялык кесиптер менен тааныштырып, заманбап аэропорттун ишмердүүлүгү кандай түзүлгөндүгүн айтып беришти.
Алар жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу кызматына барышып, терминалда жүргүнчүлөрдү тейлөө процессин, жүктөрдү иштетүү системасын көрүштү, ошондой эле аэродром кызматынын, учууларды кырсыктан куткаруу өрткө каршы камсыздоо кызматынын, аэродромдун атайын техникасынын жана жабдууларынын иши менен таанышышып, авиатехниктер оңдоо иштерди жүргүзгөн авиациялык-техникалык базада болушту.
Ошондой эле, алар «МЭА» ААКнын туунду компаниясы «Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАКтын аймагында болушуп, аба-жүк борборунун жана борттук тамактануунун иши менен таанышып чыгышты.
Экскурсия учурунда «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов студенттер менен жеке жолугушуп, аларга жакшы окуп, билимин жогорулатууну каалады.
«Бала кезде баары учкуч, борт коштоочу жана космонавт болууну кыялданчу, азыркы учурда көпчүлүктүн артыкчылыктары өзгөрдү. Ошондуктан биздин компанияга жана өлкөбүзгө квалификациялуу авиациялык кадрлар керек. Эгерде сиздер авиация тармагында сапаттуу жогорку билим алсаңыздар, анда сиздер авиация тармагына керектүү адис боло аласыздар. Азыр биз аэропорттордо ишке орношууда авиация тармагындагы жогорку билимдүү адистерди биринчи орунга коюп жатабыз», - деп белгиледи ал.
Программанын аягында бардык студенттерге эстелик катары «МЭА» ААКнын корпоративдик продукциялары тартууланды.
Белгилей кетсек, «МЭА» ААК билим берүү жана илим тармагындагы долбоорлорду дайыма колдоп келет. Бул иш-чара да «МЭА» ААКнын корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында өткөрүлдү.