Жогорку Кеңеш персоналдуу компьютерлерди сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

Ага таянсак, пландалган сумма 10 миллион 400 миң сом. Конкурстук билдирмени кабыл алуунун акыркы күнү 17-апрель.

Маалыматка караганда, парламент 130 даана компьютер сатып алууну пландаган.