Учурда Марал Шараболотованын эски үйүнүн ордуна жаңы үй курулуп, курулуштун чыгымдарын президент көтөрүп жатканы тууралуу социалдык тармакта сөз жүрүп жатат. Маселенин чын бышыгын тактоо максатында "Кабар" улуттук маалымат агенттиги президент Садыр Жапаровго суроо узаткан.
Мамлекет башчы "үйдүн курулушуна кеткен чыгымдарды президент көтөрүүдө" деген маалыматтарды четке какты.
"Жок. Калп. Мен барып көрүп кеткенден кийин "Соттогу маселелери чечилгенче көп кабаттуу үйлөрдөн убактылуу батир таап, бала-чакасы менен киризип тургула" деп кызматкерлерге буйрук берип кеткем. Эртеси күнү "Ас-Сафа" фондунун өкүлдөрү: "Соопчулук үчүн ошол эле жерге биз үй салып берели, уруксат бериңиз",- деп кайрылышкан экен. "Кудай жалгасын" дедим. Кудайдын улуу рамазан күндөрүндө сооп табалы деп "Ас-Сафа" фонду салып берип жатат. Бирөөнүн эмгегин, сооп иштерин менчиктеп алганыбыз туура эмес. Мен салып берип жаткан жокмун. Жөн гана себепкер болдум", - деген Садыр Жапаров.